www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө жапты. Эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талабы коюлганын өлкөнүң жергилитүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыммтка ылайык, ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калды, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышат.

Өлкөдө темир жолдо каттам токтоду. Саламаттык сактоо тармагынын адистери жарандарга беткап кийүү керектигин эскертти.

Бийлик мындай чараларды жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери менен түшүндүрүп жатат.

Журналисттер ишенимдүү булактарга таянып, бейтаптар коронавируска тест тапшырып жатканын, көбүнүкү ырсталганын билдиришти.

Мындан бир канча күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Түркмөнстанга келип кеткен өкүлдөрү Ашхабадды бир катар чараларды көрүүгө чакырган. 

Ашхабад өз өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин расмий маалымат бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости