www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү дарыядан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Арпа-Төктү тилкесинде 15-июлдан бери 1959-жылы туулган эркек жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү 102 кызматынан түшкөн.

21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук №81 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости