www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Административдик-процесстик кодекстин жоболорун КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы чечимине шайкеш келтирүү болуп саналат.

Тактап айтканда, КР Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин «, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет» деген ченемдик жобосу КР Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости