www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын душмандарына маалымат берип турган Махмуд Мусави Мажд дарга асылып, каза болду.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, АКШнын чалгындоо (ЦРУ) кызматына Ирандын жашыруун маалыматтарын жиберип турган Мусави Мажд аттуу жараны соттолгон соң 20-июлда таң эрте дарга асылды.

Белгилей кетсек, ал буга чейин Моссад жана чалгындоо уюмдарына Ирандын коопсуздук маалыматтарын ири акы үчүн өткөрүп турган. Анын чыккынчылыктарынын бири, маркум генерал Сулейманинин жана башка белгилүү аскер кызматчыларынын өтүп-жүрүү пландарын Американын террорчуларына жеткирген.

Махмуд Мажд атасы соодагер болгондуктан бир канча өлкөлөргө сапар тартып, араб, англис тилдерин жакшы билген. Ал буга чейин Сирияда котормочу жана аймакты жакшы билген адис катары Ирандын Сириядагы кеңешчилерин коштоп жүргөн.
Коопсуздук тыңчы Ирандын Кудс Сакчылар корпусунун мүчөсү болбосо да алар менен котормочу катары маанилүү аймактарда кошо жүргөн.

Эске салсак, Ирандын Коопсуздук күчтөрү Махмуд Маждды CIA чалгындоо уюмунун офицери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн көзөмөлдөө менен колго түшүрүшкөн. Ал 2018-жылы башка кылмыштарга дагы айыпталып кармалган. Кийинчерек ага генралдар менен офицерлердин өлүмүнө айыптуу деген жыйынтык чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости