www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон подполковник Талгат Аланов 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу журналисттерге  анын жакындары маалымдады.

Алардын айтымында, Талгат Аланов күтүүсүз жерден дартка чалдыгып, ооруканага жетпей көз жумган. Азырынча анын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып чыккан. Подполковниктин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости