www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда жааган жамгырдан көчөлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 21-июлда саат 21:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылынын тоо кыркаларынан сел суулары түшүп, көчөлөрдү сел суулары каптаган деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости