www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 19 миллион 296 миң 761 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 681 миң 566 бейтап айыгып чыкса, 719 миң 830 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 940 миң 939 адамдан коронавирус аныкталды.161 миң 328 адам каза болсо, 1 миллион 623 миң 870 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 962 миң 442 адамдан аныкталды. 99 миң 572 адам каза болсо, 2 миллион 272 миң 299 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 27 миң 74 адам вируска кабылган. 41 миң 585 бейтап көз жумса, 1 миллион 378 миң 105 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости