www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

TikTok тиркемесинин өкүлү Дональд Трамп алардын өлкөдө иштешине тоскоолдук жараткан жарлыкка кол кое турган болсо, Американын сотуна кайрыла турганын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Трамп TikTok кошо кирген ByteDance компаниясына тиешелүү бардык колдонмону, аны менен кошо WeChat тиркемесин өлкөдө иштөөсүнө тыюу салганы айтылган. Бул боюнча жарлык 45 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.

АКШ лидеринин оюнда, TikTok жалган нерселерди таратат жана Кытай бийлигине маалымат ташышы мүмкүн. Бул улуттук коопсуздукка, экономикага жана саясатка терс таасирин тийгизет.

"Биз эч убакта өкмөткө колдонуучулардын маалыматын берген эмеспиз деп айтып эле келе жатабыз. Жадакалса бизнести толугу менен АКШга сатууга даяр экенибизди билдиргенбиз", — деген социалдык тармактын өкүлү.

Компания белгилегендей, алар АКШны макул кылдыруу үчүн бир жылдай убакыт коротконун кошумчалаган. Ошондой эле TikTok Америка өкмөтүн юридикалык эрежелерди бузуп жатканына жана жеке ишкерликке кийлигишкенин сындаган.

Кытай компаниясы президенттин жарлыгы АКШнын мыйзамдарына ишенбөөчүлүк жаратып, сөз эркиндиги менен ачык базар түшүнүгүнө доо кетирип жатканын белгилеген.

Эске сала кетсек, Трамптын буйругуна ылайык, 45 күндүн аралыгында кытайлык «ТикТок» менен «Вичат» социалдык тиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, Кошмо Штаттарда алардын ишине бөгөт коюлат. Ошондой эле «ТикТокко» ээлик кылган «Байтдэн» менен «Вичатты» түзгөн «Тенсент» компанияларына каршы санкция киргизилет.

Өткөн жекшембиде америкалык «Майкрософт» компаниясы «Байтдэнс» интернет лөгү менен анын «ТикТок» социалдык түйүнүн сатып алуу тууралуу сүйлөшөрүн билдирген. Анын алдында Трамп коопсуздуктан улам бул соцтармакты АКШнын аймагында таптакыр жаап саларын эскерткен.

Буга чейин америкалык коопсуздук кызматтары Кытай бул соцтармакты америкалык жарандар тууралуу жеке маалыматтарды топтош үчүн пайдаланышы мүмкүн деп кооптонуп келишкен.

«ТикТоктун» жетекчилиги бир канча жолу мындай дооматтарды четке каккан жана бул платформаны кытай бийлиги көзөмөлдөбөйт деп ишендирүүгө аракет кылган.

«ТикТок» социалдык видеотармагынын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө бир миллиарддай колдонуучусу бар жана анын 80 миллионго жакыны АКШга туура келет. Бул соцтармакка колдонуучулар 15 секундалык ыр-күү жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт.​

Булак: NazarNews.kg

Последние новости