www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги Тергөө кызматы тарабынан Кой-Таш окуясын иликтөө ар тараптуу, толук жана калыс жүргүзүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу маалыматты министрлик таратты.

"Социалдык тармактарда жана айрым маалыматтык агенттиктерде кылмыш иштеринин фигуранттары болуп эсептелген Кой-таш окуяларынын катышуучуларынын билдирүүсү таратылды. Ал жакта 7-8-август күнү бийлик тарап саясий каршылаштарынан арылууга шарт түзүү үчүн жасаган чагымчылдыгына бир жыл толду деп белгиленүүдө. Бийлик Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандыкты чагымчылдык кылуу жана уюштургандыгы үчүн жоопкерчиликтен качууну көздөп, далилдери жок кылып, көрсөтмөлөрдү жасалмалоодо деп айтылууда. Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс негизинен жабык режимде өтүүдө. Тергөө айыптоого ыктап жүргүзүлгөн, айыпталуучуларга кыйноолор, күбөлөргө кысымдар, коркутуулар жана сатып алуулар, далилдерди жасалмалоо, фактыларды өзгөртүү колдонулгандыгы тууралуу да кошумчаланган билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо, өлтүрүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү үчүн кол салуу, барымтага алуу, баш аламандыкты уюштуруу фактылары жана башка бир катар кылмыш иши иликтенген. 2020-жылдын январь айында 14 жаранга шектөө жөнүндө кабарлама тапшырылып, тергөөнүн аяктагандыгы тууралуу жарыяланып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн.

Башында мурдагы президенттин Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысына тиешелүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Алмазбек Атамбаев ИИМге күбө катары үч жолу суракка чакырылган. Бирок тергөө органдарынын мыйзамдуу талаптарына аткарылган эмес. Кой-Таш айылында Атамбаевдин тарапташтары тарабынан куралдарды жана башка предметтерди колдонуу менен каршылык көрсөтүшкөн. Андан сырткары тергөөгө каршылык көрсөтүү максатында зомбулук коштолгон массалык башаламандыктарды уюштурушкан.

Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин материал сотко жөнөтүлгөн. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан иликтөө ар тараптуу, толук жана калыс жүргүзүлдү. Азыркы учурда Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости