www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова анын өмүрүнө коркунуч келтирип, өлтүрүп кетебиз дегенге чейин баргандар бар экенин, ошол себептен адвокат жалдоого мажбур болуп жатканын жазып чыкты.

"Жүрөк адамдын күзгүсү, кирдебесин...Кудайдын кудуретин адамдын боюнан көрүүгө болот. Ырасында бир сырдуу сегиз кырлуу инсандардын катары көбөйсө экен. Бирөөнү каралоого, боктоп шыбоого дүргүтүп ширеңке чаккан хайп жыйнап подписчик көбөйтүүгө маашырланган сайттан сайтка добулбас кагып адам абийринен өмүрүнө коркунуч туугузган, үч кундон бери маашырлана менин үстүмөн каралоого өлүмүмдү тилеп, өлтүрүп кетебиз дегенге чейинки деңгээлдеги доомат жалаанын артында ким тураарын аныктап мыйзам алдында жооп берээр сааты да келет... "Бирөө тыңшайт үйдөн чыкканча бирөө тыңшайт укканынча"деп урдура бергендин артындагы абийир сотуңарга баракелде, кайран менин замандаштарым. Калыс ниети түз асыл замандаштарым, өтүнүч менин мындай моралдык соккуга тушукканымдын артындагы жалакорлуктун, беймаза дооматчылдыктын, өзөгүндө бир гана менин эмес, улуттук ар намыска ашынган айыптоолордун айыккыс кесепети касиетинен коргонуучу мыйзамдуу жолдорунда таяныч калканыч (адвокат) жалдоого мажбурмун. Мени криминалдык деңгээлде каралап, коркутууларга, шылдыңдап барактарында имиджин жогорулатып жайдаңдаган азаматтын имамдыгына да жол болсун...Атын атап желеден оозумдун желин коротпоймун,"- дейт эл артисти.

Эске сала кетсек, эл артисти дин маселеси тууралуу пикирин жазып чыгып, анын ою кызуу талкууга алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости