www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 7-августта мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов журналисттерге маек берип жатып, Кой-Таштагы кызгылт баштыкка токтолду. Анын айтымында, операция учурунда баштыктын ичиндеги нерсе тууралуу ойлонууга дагы убактысы болгон эмес. Анын ичинде эмне бар экенин “Атамбаевдин өзүнөн сурагыла” деп айткан.

Асанов белгилегендей, чуу жараткан баштык Кундуз Жолдубаеванын колуна тийип, андан кийин ИИМге өткөрүлүп берилген.

Ал эми КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева баштыкта үйдүн жана жер тилкелердин документтери болгонун жергиликтүү басылмага билдирген. Айтымында, ал документтерди Алмазбек Атамбаев сотто колдонмок.

“Андан башка ал жерде эч нерсе жок болчу, кийин адвокаттарга өткөрүлүп берилди”,- деди Кундуз Жолдубаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости