www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 18 миллион 710 миң 668 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 284 миң 150 бейтап айыгып чыкса, 704 миң 869 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат  АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 818 миң 328 адамдан коронавирус аныкталды.157 миң 930 адам каза болсо, 1 миллион 576 миң 425 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 859 миң 73 адамдан аныкталды. 97 миң 256 адам каза болсо, 2 миллион 184 миң 733 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 908 миң 254 адам вируска кабылган. 39 миң 795 бейтап көз жумса, 1 миллион 576 миң 425 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости