www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу рпезиденттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Протокол менен Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин ортосунда электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруунун методологиясына (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү келишимдин № 21 тиркемеси болгон Электр энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү камсыздоо, анын ичинен баа жаратуунун жана тарифтик саясаттын негиздери жөнүндө протоколунун тиркемеси) өзгөртүүлөр киргизилди.

Протокол Бирликтин алкагында электр энергиясын мамлекеттер аралык өткөрүп берүү системасына Кыргыз Республикасын киргизүүнү караган түзөтүүлөрдү камтыйт жана ата мекендик электр энергетикасы чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүнүн принциптерин жана эрежелерин, баа түзүүнүн жана тарифтик саясаттын негизин аныктаган толуктоолор киргизилип жатат.

Өзгөртүүлөр ЕАЭБтин жалпы электр-энергетикалык базарын уюштуруу боюнча укутук базаны түзүүгө багытталган, ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы чечими менен бекитилген иш- чараларга ылайык, 2025-жылы иштей башташы керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости