www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигерияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Джон Нкенгасонг билдирди.

"Биз жакында Улуу Британияда аныкталган эч нерсеге окшошпогон өзгөчө мутант вирусу жөнүндө сөз кылабыз", - деди ал. Анын айтымында, Түштүк Африкада аныкталган вирус штаммга окшош болушу мүмкүн.

Нигериянын Осун шаарында 3-августта жана 9-октябрда жаңы илдет пайда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Түштүк Африкада табылган мутант вирусу 501.V2 сыяктуу агрессивдүү эмес. 501.V2 мутант вирусу Түштүк Африкада пандемиянын экинчи күчтүү толкунун пайда кылды.

Буга чейин Коронавирустун жаңы түрү Улуу Британияда сентябрь айында пайда болуп, ноябрдын ортосунда жигердүү жайыла баштаганын кабарлаганбыз.

Андан соң Британ өкмөтү жаңы чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Көрүлгөн чараларга карабай лондондуктар шаардан чыгууга аракет кылып, темир жол бекеттерине чогулушту. Коронавирустун жаңы түрүнөн чочулап, бир нече өлкө Улуу Британияга учууну убактылуу токтотту.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости