www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайсыл өлкөдө эмнелерге тыюу салынганын билип алыңыздар:
АКШда балдар жакшы көрүп жеген Kinder Surprise шокаладына тыюу салынган.
1938- жылдан тарта Америкадагы балдарга шокаладды сатууга тыюу салынган. Анткени кичинекей балдарга "Киндердин" ичиндеги оюнчуктар зыян деп табылган.
Филиппинде: Клэр Дэйнс катышкан кинолорго тыюу салынган.
Американын актрисасы Клэр Дэйнс Филлипиндин бийлигин таарынтып алган. Ал өзүнүн ачуу сын айтуусу менен Филиппиндеги күйөрмандарынан кол жууган.
Сингапурда: "Сагызды" сатууга жана импорттоого тыюу салынган
1992-жылдан тарта "Сагызды" сатууга тыюу салышкан. Себеби жөнөкөй эле сагыз метродогу поезддердин жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан.
Малайзияда: Сары түстөгү кийимдерге тыюу салынган
Малайзияда бийликтегилер өздөрүнүн оппоненттерин сары түстөгү кийимдеринен улам билген. Оппазиция митингдерди уюштурганда сары түстөгү желектерди колдонушкан.
Австралияда: Көкүрөгү кичинекей кыздарга "уяттуу" фильмдерде ойногонго тыюу салынат
Австралиянын бийлигинин билдирүүсүндө кичинекей көкүрөктүү айымдарды көргөн эркектин багыты өзгөрүп "педофил" болуп кетиши мүмкүн экен.
Улуу Британияда: Парламенттин имаратында өлүүгө тыюу салынган
Парламенттин ичинде өлгөн адамды бийлик баардык жөрөлгөсү менен көмүп берүүгө тийиш болгон. Ошондуктан кошумча чыгымга кабылбаш үчүн бийликтегилер имараттын ичинде өлүүгө тыюу салган.
Японияда: Түнкү клубтарда бийлөөгө тыюу салышкан
Мурунку убакта түнкү клубтарды сойкулук үчүн пайдаланышкан. Ошондуктан азыркы убакта атайын бийлөө үчүн лицензия алып, анан гана түнкү клубтарды ачышат.
Булак: NazarNews.kg