www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 1-орунду алды. Чемпионаттын жүрүшүндө 10 комплект медаль ойнотулду.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге алды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, жогоруда аталган көрсөткүч менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы 157 упай топтоп, командалык эсепте 1-орунду алды.

Эки алтын, бир күмүш жана төрт коло байге менен 156 упай чогулткан Казакстан 2-орунга ээ болду. Өзбекстандыктар бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль менен 148 упай алып, 3-орунга жайгашты. 4-орунду Жапониянын, 5-орунду Ирандын командалары ээледи. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга 16 өлкөнүн балбандары катышты. Күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 27-28-февраль күндөрү өттү. Күрөш боюча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. Бүгүн кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости