www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда  дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 971 миң 90 адамга жетти. Ал эми каза болгондордун саны 206 миң 514тү түздү.

Коронавирус илдетин жуктургандардын жана каза болгондордун саны боюнча алдыда келе жаткан 5 өлкөлөр:

1. АКШ - 965 миң 465 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 54 миң 24 адам көз жумган;

2. Испания - 226 миң 629 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 23 миң 190 адам көз жумган;

3. Италия - 197 миң 675 адам вирус жуктуруп алса, алардын ичинен 26 миң 644 адам көз жумган;

4. Франция - 162 миң 220 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 22 миң 856 адам көз жумган;

5. Германия - 157 миң 770 адам вирус жуктуруп, 5 миң 976 адам көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия тутанып, тараган Кытайдын Ухан шаарында коронавирус илдетинен жабыркаган бир дагы адам калбаганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости