www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда аялдар колониясы убактылуу жабылды

Казакстандын Алматы облусундагы аялдар колониясы карантинге жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кылмыш-аткаруу кызматынын тараткан маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кош бойлуу аялдан коронавирус аныкталган. Алматы облусундагы Жаугашты айылындагы аялдар колониясында кош бойлуу аял төрөткө даярдык көрүү максатында эки ирет борбордук райондук ооруканага көрүнгөн.

Кийинчерээк ал көрүнгөн Илийск районундагы ооруканадагы бейтаптардан илдетти жуктургандар катталгандыктан башка бөлүмгө которушкан. Бирок аны төрөтканага жаткыруу алдында текшерүүдөн коронавирус илдетин жугузганы аныкталып, "Тез жардам" кызматы менен борбордук райондук ооруканага жеткирилген. Аны менен байланышта болгон башка соттолуучулардан анализ алынып, алар атайын жугуштуу оорулар үчүн изоляторго киргизилгени маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости