www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 434 миң 835 адамга жайылды. Анын ичинен 5 миллион 322 миң 785 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 509 миң 779 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.
Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 629 миң 372 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 720 миң 631, каза болгондор - 127 миң 322.
Бразилия 1 миллион 402 миң 41 адам менен экинчи орунда турат. Анда 779 миң 175 бейтабы ооруну жеңсе, 59 миң 594ү кайтыш болду.
Россияда 646 миң 929 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 411 миң 973, каза болгондор - 9 миң 306.
Индияда 566 миң 840 адам бул илдет менен жабыркап, анын 334 миң 822 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 16 миң 893.
Ал эми Улуу Британияда 314 миң 160 адамдан илдеттин катталганы аныкталган. Ооруну жеңди делинген жарандар - 1 370, каза болгондор - 43 миң 815.
Булак: NazarNews.kg