www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТАГДЫР:

Кыздардын бул тагдыр баяндары автордун макулдугу менен жазылды. Кимдир бирөөгө сабак болор. Жазбай коё албадым. Көңүлүмдү өйүп келет. Ушуга окшоп канча кыздын сыры катылуу. Бирок, алар бактылуу болууга, өздөрүн жеңүүгө акылуу. Анда сөз башынан болсун.

Интернатта окучу элем. Ата-энемдин шартынын жоктугуна байланыштуу, эки жумада бир келип мени жатак мектептен  алып кетишчү. Атам ачуусу бат киши эле, «сыртка чыкпагын» деп катуу айтчу. Бирок, мени жакшы көрөр эле. Башкага катуу болгону менен мага келгенде жумшара түшчү.

“Орус тилди үйрөнөсүң” деп мени интернатка беришти. Араң көндүм. Биринчи жылы демалыш күндөрү дайыма ата-энемди күтчү элем. Бирөөгө дайындап болсо дагы үйгө алдырып алышчу.

Экинчи жыл аяктады. Бизге каникул берди. Барар жери жоктор өзүбүздүн интернатта калдык. Мен күндө үйдөн бирөө келерин күтөм. Апамдын тандырга жапкан ысык нанын, жаңы тартылган каймакты эстегенде бир мүнөт да тургум келбеди.

Айылдагы кыздар менен түрдүү оюндарды ойногонду, кичинекей инимди, сиңдимди көргүм келди. “Батыраак эле келишсе” деп чыдамым түгөнө баштады. Кыздар кечки тамакка чакырып келишти. Мен интернаттын тамагынан тажап, “барбайм” дедим. Кыздардын бирөөсүнүн «сени ата-энең унутуп калган го…» деген сөзү араң турган мага катуу тийди.

Таарынып ыйлай баштадым. Бөлмөмө кирип, кийимдеримди алып, жолго чыктым. 

Дайыма келип кете берип, жолду жакшы билип калгам. Бир гана жаманы – автобус токтоп калган эле. Жиним менен чыгып алып, артка кайткым келбеди. Жөө жөнөдүм. Эки-үч сааттык жол. Караңгы киргенче жолду арбытып алуу максатында басып дагы, чуркап дагы кетип бара жаттым. Өпкөм көөп, чарчап калдым. Эки-үч айылды басып өттүм. Эки тарап тең ээн. Кийинки айылга чейин аңыз эгилген талаа. Күүгүм кире баштады. Менин артыман бирөөнүн келе жаткандай дабышын уктум. 

«Чоң кыз, кай жакка шашып?» деп сүйлөдү. Орус киши экен. Жолдо шерик болгонуна кубанып, мен да жооп бердим. Экөөбүз сүйлөшүп бир топ бастык. Айылымды сурады. Мен айттым.

— Байкең барбы?- деди.

— Ооба, тааныйсызбы? – деп сүйүнүп кеттим. Ал мени башыман ылдый карап, ойлонуп башын ийкеди.

— Мен аны көргөм, талаада трактор менен жүргөн. Жүр, байкеңе алып барып коёюн, – деди. Мен сүйүнүп кеттим:

— Макул, жакшы болот эле, – деп аны менен жүгөрү өскөн талаага бурулдум. Жүгөрүнү аралап кетип баратабыз. Жүгөрүлөр бала кучактап калыптыр. Аягына чыктык. Анан ал:

— Трактор менен ушул жерде жүрүшкөн эле – деди.

— Суу өткөн каналдын ары жагына барып карап көрөлү, – деди шашкалактап. Мен эч жаман оюм жок чарчаган жаным, “трактор менен кетип калам” деп сүйүнүп жүрөм. Күүгүм кирип, коюулана баштады. Каналда такыр суу жок экен. Көпүрөнүн астына кирдик.

— Ушул жерде күтүп турабыз. Алар кайтар убак болуп калды, мен сени салып коём, – деди тиги орус киши.

— Сен дем алып отуруп тур, мен карап келейин. Сыртка чыгып карап, бир аздан кийин келип калды. Байкоо салып келген го, азыр ойлосом. Эч ким жоктугуна көзү жеттиби, мага жакындап келип, колуман катуу кармап, өзүнө тартты. Оозунан ичимдиктин кычкыл жыты «бур» дей түштү. Тамекиге күйүп калган сары тиштерин байкадым. Мен эш тутуп жаткан адамдын үрөй учурган жүзүн баам салбай калыптырмын.

Мага жакындап келе жатты, мен түшүнбөдүм. “Урат окшойт” деп бети-башымды калкаладым. Жок, урган жок. Мага жат, мен түшүнбөгөн кыймылдарды кыла баштады. Мен коркуп кыйкырдым. Бирок, мени эч ким укпайт болчу. Каршылык көрсөтүп жаттым…

Балалык оюн-күлкүдөн чыга элек убакта зордуктоого кабылдым. 13 жаш… Ооз ачып батынып, эч кимге айта албадым. Бул менин эң аялуу сырым болду. Жүрөгүмдүн тереңине катуу кулпулаптырмын. Ачмак эмесмин. Бирок, жашоомо ошол коркуу сезим тымызын зыянын тийгизип келе жатат. Мындайды эч бир кызга ыраа көрмөк турсун, ойлогонго батынбайм. Жаш чырпыкты сындыргандай, жаш кызды убал кылды го! Арман күн! Ошол күнү чоңойдум…

“Эч кимге айтпайм” деп чечим кабыл алдым. Биринчи жолу өзүм чечтим. Ошол күндү көрбөй, көзүм көр болсо эмне?! Жаралбай өлсөм эмне?! «Кана калыстыгы Кудайдын?» деп шек келтирдим. Анан эмне дейин? Аттиң арман!.. “Аял киши ит жандуу, чыдамкай” деген туура белем. Унутканга аракет кылдым, бирок унутулбады…

Бала эле бойдон элем. Мени эмне кылып жатканын түшүнгөн деле жокмун. Мен ушунчалык кордук көрүүгө туулдум беле?!

Ал окуя мен үчүн дагы деле коркунучтуу түш сыяктуу. Өз башымдан өткөргөн ошол мүнөт, ошол күндү, мен баскан издерди балталагым келет. Колдон келсе ошол күндөргө бензин чачып өрттөгүм келет. Такыр мээмден алып салгым келет. Чарчадым, сыр кылып ката берип. Мени кемирип жеп келет. Ушул жүрөк эзген оорудан арылгым келет. Айла жок. Катып эмес, айтып жеңилдегим келди…

Аксана Рыскулова («Өзүңдү жең 2» китебинен)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости