www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amnesty International ("Эл аралык мунапыс”) уюмунун жаңы жарыяланган докладында 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасын колдонгон учурлар аз катталганы айтылат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жылдык иликтөөдө жазылгандай, 2017-жылы 993 өлүм жазасы колдонулса, 2018-жылы 690го кыскарган.

“Соңку жылдагы көрсөткүчтөр катаал жана адамзатка туура келбеген жазанын түрүн токтотуу багытында дүйнөдө натыйжалуу кадамдар кабыл алынып жатканын көрсөтөт” деп жазылган докладда.

Документте белгиленгендей, маңзатка каршы күрөшүү мыйзамына өзгөртүүлөр кирген соң өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөрдүн бири эсептелген Иранда бул көрүнүш 50% азайган. Бул багытта Иракта, Пакистанда жана Самолиде да жылыштар байкалган.

Укук коргоочулар, тескерисинче, айрым өлкөлөрдө соттолуучуну өлүм жазасына тарткан учурлар өскөнүн белгилешкен. Мисалы катары Беларус (4), Сингапур (13), АКШ (25), Түштүк Судан (7), Жапония (15) өлкөлөрү белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости