www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Баланын тагдыры – анын атына байланыштуу болот” дегенге окумуштуулар туура көз карашта. Анткени, белгилүү бир максат менен коюлган наристенин ысымы анын келечегин түзөт. Дүйнөдөгү кайсы өлкө, наристелерге кандай ысымдарды коюуга тыюу салганын биргеликте карап көрөлү.
Мексика
Мексиканын Сонора штатында, “леди Ди, Богородица, Кесарево, Фейсбук, Яху, Частный, Rolling Stone” деген ысымдарды наристеге ыйгарууга тыюу салынган. Себеби, алар, мындай атты анын чөйрөсүндөгүлөр шылдың менен кабыл алып, бала психикалык жактан жабыркайт деген түшүнүктө. Ошондой эле, “Гарри Поттер, Джеймс Бонд, Покахонтас, Супермен» деген сыяктуу китептердеги жана кинолордогу каармандардын атын коюуга болбойт.
Малайзия
Малайзияда адамдардын ысымы жаныбарлардын, жер-жемиштердин атына окшобош керек.
Сауд Аравия
Ал эми Сауд Аравияда, жаңы төрөлгөн ымыркайга, “Периште,Пайгамбар, Жебирейил” деген ысым койгонго тыюу салынган. Ошондой эле батыштын, “Майа, Лорин, Стивен, Линда” сыяктуу аттарын койгонго да болбойт.
Португалия
Португалияда Том, Ром, Сэмми, Монализа сыяктуу ысымдар кездешпейт. Анткени, өлкөдө мындай ысымдагы адамдар жок кылынат.
Германияда
Германияда болсо Андерсона, Тоби, Тейлора, Куинна и Матти сыяктуу ысымдарды кездештирүүгө болбойт. Ошондой эле, ким баласына Усама Бен Ладен жана Гитлер деп ат койсо, аны өлкөдөн чыгарып жиберишет.
Булак: "gezit.kg"