www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ой толгоо
Эзелтеден бери эл ичинде сакталып келаткан “Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман”- деген накыл кептин чындыгы жоголгонуна көп болду. Коом алмашып, заман өзгөрдү. Адамдар эмес койлордун да кулк-мүнөзү башкача нукка түштү. Азыркы койлордун үстүнө торгой жумуртка басмак түгүл, анын караанын да көрбөй калдык. Торгой эмес мал короого азыр кайдагы бир каргалар, сук сагызкандар пайда болду. Алар сукулдап койлордун жеген жемин талашат. Чынында эски адамдар деле илгерки пейилди, кең заманды кайсалактап таппай калышты. Бул кашкайган чындык.
Бирок, кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгил болгонун азыр Ош шаарында жашап жаткан коомдук ишмер Муктар Нургазиевден уккан жайыбыз бар. Азыр бул кутман карыя токсон бешинчи жылдын ырыскысын жеп жатат. Ал өз турмушунда жокчулукту, согушту, кыйраган коомду, кайра курган мезгилди көргөн. Өмүрүн кыл чайнап, азап-тозок менен өткөргөнү менен акырында мээнетинин үзүрүн көрдү. Советтик, партиялык жооптуу кызматтарды аркалап Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошту. Ошол кездеги жаш кадрларды өз мектебинен такшалдырып, катарга тизди. Тапшырылган иштерди жоопкерчилик менен жүзөгө ашырды.
Муну биз бекер жерден кеп кылган жокпуз. Так ушул каарман 1960-жылдардын ортосунда Токтогул районунда партиянын биринчи катчысы болуп иштеп турганда Мамбет Абдылдаевдин короосунда болуп кой үстүнө торгой жумурткалаганына күбө болгон. Балапандарын аман-эсен чыгарып кеткен соң гана ошол койдун жүнү кыркылган. Ошол кезде деле өтө жыргал заман болду дештен алыспыз. Бирок, анда адамдарда ыйман, боорукердик деген көөдөндө уюп турган. Жаныбарлар, канаттуулар адамга абдан ынак болгону ошол окуядан айдан ачык көрїнөт. Кийинчерээк чабандыкты баш оту менен баалаган, күжүрмөн Мамбет Абдылдаев “Социалисттик Эмгектин Баатыры” болуп пешенеси жаркыды. Жогорку Советке депутат болуп, Кремлдин залында койкойуп отурду. Көрсө эмгектен эр жетилип, кадыр-баркка жетишет экен.
Азыркы айткан укмуш окуябыз бүгүнкү мекендештерибиз үчүн жомок катары кабыл алынаарына күмөнүм жок. Анткени биздин байлыгыбыз болгон ак жүндүү “меренос” койлорун эгемендик алдык деп тебетей ыргыткан алгачкы жылдарыбызда кырып жок кылганбыз. Ошол убакта бир резинке өтүк, эки бөтөлкө арак, төрт самын койдун баасына туура келип калган. Ошонун азабын акыры жүрүп тарттык. Кордогон нерсебиз айланып отуруп алтынга барабар болду. Ким билет балким ошондой апааттан кийин короого торгой келбей алыстап кеткендир? Себеби ак койлорго салыштырмалуу кара койлордун жүнү кыска, жылуулугу жок. Анан калса булар кагынып-силкинип, шудуңдап турушат. Анан балээни торгойду жумуртка бастырмак беле? Ал эми ак койлор момун, кең пейилдиги менен канаттууларга жакын болгон окшобойбу? Атаганат, бул эми өткөн чак. Ошентсе да укканды, көргөндү эскерип коюу ашык болбостур?
Элүү жыл өтүп, эл жаңырды. Илим менен техниканын жетишкендигинен эскини чанып турган кезибиз. Аксакалдардын, байбичелердин акыл, кеңешин кулактын кырынан кетирип жаткан чагыбыз. Мурунку муундун балдары чүкө ойносо, кыздары топташка качырса азыркылар айфонду дос кылышты. Мурдагыларга окшоп сырын ичине катпай, ээн-эркин ойлорун ортого таштай алышат. Ал тургай оозунан сєздї жулуп алууга даяр экени өкүнүчтүү. Кой үстүнө торгой жумурткалаган кез болгонун айтсаң да түшүнгүсү келбейт. Ошентсе да биз, улуу муундагылар быйылкы тоок жылында жакшылыктардын мол болушуна, элибизде биримдик, аманчылык өкүм сүрүшүнө, бакубатчылык орношуна тилек кылалы. Ылайым бул жылыбыз Кыргызстанга кутун аябай чачып, берекесин төксүн!
Жора Сулайманов
Булак: “Ачык сөз”