www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң кандуу согуштар кайда болгон?

Адамзат тарыхы боюнча жүздөгөн согуштар болуп өткөн. Өтө көп сандагы кишинин өлүмүнө алып келген кандуу согуштар дагы жок эмес. Алардын ичинен төмөнкү 10у, дүйнө жүзү боюнча эң кандуу согуш катары тарых барактарында жазылып калды.

Экинчи дүйнөлүк согуш

Өтө ырайымсыз жыйынтык менен коштолуп, 6 жыл сүргөн согуш жаңы түзүлүш жаратууда эски диктаторлорду жок кылып, эркиндикке алып келүүнү көздөп тамырын жайган. Расмий маалыматтар боюнча согуш 60 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган.

Тайпин көтөрүлүшү

Агрардык коом үстөмдүк кылган мезгилде айыл-чарбасы өнүккөн Кытайдагы салыктар дыйкандарды эзип, башкаруучулар жеке чыгашаларынан улам элге кызмат кылуунун ордуна элди кызматка салган. Дыйкандар буга каршы көтөрүлүшкө чыгып, жыйынтыгында 20 миллион киши көз жумган.

Монголдук басып алуулар

Ондогон жылдар бою уланган монголдук басып алууларда көп кан төгүлгөн. Чыңгыз Хан түзгөн мамлекет “жок кыл” түшүнүгү менен канга суусаган согушчандар миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон.

Россиядагы ички согуш

Падышалык Россиянын тарыхында большевиктер менен меньшевиктердин ортосунда көп жылдарга узаган ички согуш, эсебин 6 миллионго жакын адам жаны менен төлөдү. Бул сөз большевиктер тарабынан колдонулуп, натыйжада СССР курулду.

Тимур операциялары

Тимур өзү кабыл алып, карманган стратегиялар аркылуу мамлекеттин уюмдашуу жол менен өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү. Бирок, мунун экинчи жүзүн дагы байкабай коюуга мүмкүн эмес. Кеңейтүү максатында жүргүзгөн аскердик стратегия жана саясаттары менен 15 миллионго жакын адамдын өлүмүнө себепкер болгондугу билинген.

Кытай династиялык согушу

Тарыхтагы эң кайгылуу окуялардын олуттуу бөлүгүн династиялык согуштар түзөт. Мындай окуялар көп кездешкен географиянын сап башында дагы Кытай турат. Тамыры байыркы мезгилдерге созулган бул мамлекеттин Борбордук Азиядагы түрк мамлекеттери менен болгон күрөшү бизге тааныш тема эмеспи. Ал эми өлкө ичинде болуп өткөн согуштарга сан жеткис. Мыкаачылык менен ишке ашкан өлүм саны абдан көп.

Биринчи дүйнөлүк согуш

Гаврило Принсип аттуу бир серб улутчулу тарабынан Австрия-Венгрия императорлугунун мураскери Франз Ферлинан жана анын жубайы Софинин өлтүрүлүшү, колониялык жарыштагы бардык мамлекеттерди кыймылга келтирген. Табылган шылтоо менен Европа баштаган бүт жер жүзү бири-бирине кол салган. 4 жылга созулган бул согушта 17 миллиондон ашуун адам өмүрү кыйылып, жогоруда айтып өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгуусуна себептерди жараткан.

Дунгандардын көтөрүлүшү

Кытайда араб-кытай аралаш мусулман тобу катары билинген дунгандар, 19-кылымда Улуу Жибек жолун канга чылаган чоң согуштун башкы каармандары аталды. Диний көтөрүлүштүн жыйынтыгы 9 миллионго жакын адамдын өмүрүн кыйган.

Ань Лушань көтөрүлүшү

Борбордук Азия түрктөрүнө байланышкан ички согуштардын бири Ань Лушань көтөрүлүшү. Анткени, бул түңкөрүштүн лидери Ань Лушандын энесинин түрк экендиги билинген. Болжол менен 14 жыл сүргөн башаламан мезгил көктүрк жана уйгурларды да ичине камтыган. Бул согушта 13 миллион адам көз жумган.

Наполеон согушу

Тарыхтагы эң чоң согуштук генийлердин бири болгон француз командири, бул согушта көп кан төктү. Наполеон согушу дүйнөдөгү эң кандуу согуш катары тарых барактарына жазылып калды. 15 жылдай уланганы айтылган согуш 1815 жылы аяктап, 3,5-6,5 миллионго жакын адамдын өмүрүн алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости