www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен эемендик, эркиндик, көз карандысыздык тууралуу пикир алыштык.

-Азимбек Анаркулович, Кыргызстан эркиндикке, эгемендикке ээ болгону эмнеге жетиштик?

-Кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, өз жерин душмандардан канын төгүп, коргоп келген ата-бабалардын тилеги орундап, толук көз карандысыз мамлекеттүүлүгүбүзгө жетиштик. Кыргыздар «Кыргызстан» деген өз үйүбүздү бүткүл дүйнөлүк деңгээлде тааныттык.

-Ата-бабалардын тилегин оурндатып, эркиндикке жеткенибиз менен анын баркын, баасын биле алдыкпы? Эгемендүүлүктүн кадырына доо келтирген жокпузбу?

-Тилекке каршы көз карандысыздыгыбызды жарыялаган Декларация менен (1991-ж.31-август) Эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларациянын (1990-ж.15- декабрь) айрымасын билбей, эң жогорку деңгээлде көз карандысыздыктын күнүн эгемендүүлүктүн күнү деп бири-бирибизди куттуктап жүрөбүз. Эмгек Кодексинде 31- август көз карандысыздыктын күнү майрам күн деп турат. Ага да көңүл бурбайбыз.  «Депутаттарды тандоону,», «депутаттарды шайлоо» -деп жашап жүргөндөй эле, бул улуу сөздү да түпкү маңызында туура колдонбойбуз. Совет доорунун алгач жылдарында бүткүл кыргыздардын, компартиянын же эмгекчилердин курултайларына, жер-жерлерден делегаттар шайланган. Туура делегеттар, жергиликтүү баштапкы уюмдардын жыйындарында шайланчу. Азыр биздин партиялар курултайында «120 депутатын» Жогорку Кеңешке «делегат» десе туура болмок. Бирок депутаттар шайланбаш керек, ал эл тарабынан тандалышы керек. Орустардын «выбор» деген сөзүн тандоо дебей «шайлоо» деп, «избирательной  системасын» “шайлоо системасы” деп, « избиркоммун» “шайлооком”- деп адашып жүрбөйбүзбү?! Ушуларды түпкү маанисине шайкеш келтире турган Улуттук Академиябызда тийиштүү институттар, илимпоздор бар. Дегеле терминдерди түпкү маанисинде туура колдонуу боюнча өз сунуштарын бергенин уга элекмин.1993- жылкы Конституциябыздан башка кийинки Конституцияларыбыздын кыргызчасы менен орусчасы дал келбей, эки маанини түшүндүрүп, айрыкча акыркы, азыркы вариантыбыз ушундай дал келбөөчүлүктөн үч жолу оңдолду, акыркы жолу 2016- жылкы референдумда. Ушулардын баары көз карандысыздыктын, эгемендүүлүктүн кадырына доо келтирип келет.

- Эгеменбиз деп жүргөн мезгилде демократияны ээн баштык менен алмаштырып алган жокпузбу?

-Биздеги азыркы айрым көчө саясатчылары менен көчө демократтары кыйкырып жүрүшкөнү чыныгы демократияга тиешеси жок, ээнбаштыкка жакын көрүнүш. Мындай көрүнүштөр 29 жылдан бери сырттан айрым эл аралык уюмдар тарабынан кыргыздардын өзүндөгү улуттук демократияны заманбап өнүктүрүлүшүнө жолтоо болуу максатында сырттан импорттолуп келип жатат. Бул көрүнүштөр чыныгы сөз эркиндигине, демократияга тиешеси жок.

-Айрымдар Кыргызстан эгемендикке ээ болгону адамдар да өзгөрдү дейт. Табиятыбыз өзгөрдүбү?

-Саясий табиятыбыз абдан өзгөрдү, аны күндө Бишкектин борборунда же айрым саясатчымын дегендердин өздөрүнүн соцсеттериндеги сүйлөгөн сөздөрүнөн, айрым кадамдарынан көрүп жатпайбызбы!?

-Эгемендикке ээ болгону ийгилигибиз көп болдубу же жоготконубуз, өксүгүбүз көп болдубу?

- Жетишкенибизден жоготконубуз көп болду. Эгемендикти жарыялаган 1990- 1991- жылдарда Советтик Кыргызстанда иштеп жаткан ондогон завод-фабрикалар азыр кайда? Миңдеген заманбап жабдылган колхоз-совхоздор азыр кайда кетти? Бир да кен-байлыктардын ээси Кыргызстандын өзүнүн колунда эмес, чет элдиктер кожоюн! Карызы жок ошондогу Кыргызтандын азыр карызы канча? Эң билимдуу деп ЮНЕСКО тарабынан таанылган кыргыздардын азыр,бийликте жүрүшкөндөрүнүн, депутат болом деп парттизмедегилердин сабаты кандай? Азыр 29 жашка чыккан адамга «Азиямол» магазинин ордунда «Инстурментальшик» деген стадион, төмөн жагында үч смен менен иштеген Ленин заводу бар эле. Дүйнө жүзүнө жасаган, өндүргөн товарлары экспорттогон Ленин,Фрунзе, ЭВМ жана башка ондогон заводдор ушул Бишкекте болгон десең ишенбейт. Завод-фабрикалардын ордуна, базарларга, тойканаларга ээ болдук.

Тунгуч президент Акаев анын академиялык коммунист- демократтары «рынок экономикасы» деген экономикалык терминди да жогоруда жазгандай «базар» деп гана түшүнүшкөнүнөн улам завод-фабрикалардын ордуна Бишкекти чоң базарга айлантып коюшту. Сат!, сат! деген ураан алдында реформа жүргүзүлдү. «Эң башкысы эгемендиктин 29 жыл ичинде, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым улам-улам алыстап, элдин бийликке болгон ишеними күндөн- күнгө азайып баратат. Бул эң башкы өксүк.  Туңгуч президентибиз Акаев өзүнүн академиялык-коммунист-демократ реформаторлору менен «рынок экономикасы» - деген экономикалык терминди жогоруда жазгандай аны «базар» деп гана түшүнүшкөндүн айынан, Бишкектеги чоң-чоң ишканалар ит бекер өз жакындарына сатылып же берилип, ошондогу өнөр жайлуу борборубуз чоң базарлар шаарына айланды. Совет мезгилиндеги мамлекеттик аймагыбыздын бүтүндүгү бузулду. Бирок өксүй бергенде эми эмне пайда?! Кетирилген каталардан тыянак чыгарып, келечекке ишенимдүү кароо керек.

Сырттан импорттолуп келип жаткан кеп-кеңешти, сырттан каржыланып жаткан партиялардын ырын уга бербей, өзүбүздүн элибиздин жан-дүйнөсүнөн чыккан өксүктү, үшкүрүктү угуп, улуттун кызыкчылыгы үчүн өз күчүбүз, ресурсубуз менен системдүү реформаларга барыш керек. Ошондо чыныгы көз карандысыз, эгемен Кыргызстаныбызды өз үйүбүздү баш аламандыктан, туңгуюктан, кландык менчик партия ээлеринен сактап калабыз, оңдоп алабыз. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости