www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Бакасов Чет-Нура айылынын башчысын сотко берди

«Биримдик» партиясы менен шайлоого бараткан ишкер Улан Бакасов Интернетке тараган видео боюнча Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановду сотко берди. Бул тууралуу Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

"Улан Бакасов Чет-Нура айыл аймагынын башчысы А.Н.Мусуркановду сотко берди

Ушул жылдын 30-август күнү Чет-Нура айыл аймагынын башчысы А.Н.Мусурканов Чет-Нура айылынын тургундарын чогултуп Улан Бакасов менен жолугуп сүйлөшкөнүн айтып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды айткан.

Ал сүйлөшүү кимдир-бирөө тарабынан видеого тартылып алынып социалдык тармактарга тарап, коомдо Улан Бакасовдун атына туура эмес пикирлер айтылып келген.

Андыктан, Улан Болотбекович айыл өкмөт башчысы Азамат Мусуркановду КРнын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пункту боюнча ( Жарандын өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылуу) Нарын райондук сотуна арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу дагы кошумча маалымат берилет."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости