www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги, Эгейдеги иш-аракеттеринин маңызында укук жана акыйкаттык издөө бар экенин айтты. Бул тууралуу TRT басылмасы жазды.

Президент Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданий борборунда өткөрүлгөн 2020-2021 Сот жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, өздөрүн улуу, күчтүү, бакубат жана жеңилбес деп эсептеген мамлекеттердин таш боордуктарын жаап-жашырууга эми саясий жана дипломатиялык сөздөрдүн жетишсиз экендигин билдирди.

Эрдоган демократияга, коопсуздукка жана гүлдөп-өнүгүү айрым коомчулуктардын ээ болгонун жана башкаларынын аларга кызмат кылуудан башка эч кандай мааниси жок экендиги жөнүндөгү бурмаланган түшүнүктүн эми ачыкка чыгып жаткандыгын белгиледи.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги, Эгейдеги иш-аракеттеринин маңызында укук жана акыйкаттык издөө бар экенин айткан Эрдоган: "Түркияны 780 миң чарчы километрдик чоң аянтына карабастан 10 чарчы километрдик арал аркылуу жээктерге камоо аракети, бул адилетсиздиктин жана акыйкатсыздыктын эң ачык көрүнүшү болуп саналат",- деди.

Айланасындагы ар бир мамлекеттин укугу болгон Жер Ортолук деңиздин байлыктарын басып алуу аракетинин азыркы колониализмдин мисалы экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз ушул көмүскө оюндан тажадык. Ал эмес өзүнө жакшылык кылбаган бир мамлекетти, Түркия сыяктуу аймактык жана дүйнөлүк күчтүн алдында жем сыяктуу таштоого аракет кылуу, эми күлкүлүү боло баштады. Кастык фроттору канчалык бириксе дагы, алар Түркиянын өсүп-өнүгүшүн токтото алышпайт», - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости