www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Жогорку соттун имаратынын жанындагы митингди колдоо үчүн активист Өндүрүш Токтонасыров чыкты.

Активисттин айтымында, Жогорку сот акыйкат чечим чыгарып, “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбашы керек. Мындан тышкары, ал БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетиши керектигин билдирди.

"Бүгүн Жогорку сот административдик соттун чечимине карата БШКнын арызын карайт. Карга карганын көзүн чукубайт, калыстар тобу чечимди күчүндө калтырат, биз болсо жолугушууну уланта беребиз. Менин талабым – Нуржан Шайлдабекова өзүнүн командасы менен бирге кызматтан кетсин", – деди Өндүрүш Токтонасыров.

Эске сала кетсек, Өндүрүш Токтонасыров ушундай эле талап менен БШКнын имаратына жалгыз өзү митингге чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости