www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхта калган акыркы сөз...

Дүйнө тарыхына аты жазылган бир канчалаган ысым бар. Жашоосу боюнча адамзаттын көңүлүн бурган бул адамдардын акыркы сөздөрү да бир башкача таасир берет. Алар кимдер жана эмне сөз дейсизби?

Адольф Гитлер

Өмүрү өткүчө орустарды жана СССРди жек көргөн Гитлердин акыркы сөзү да аларга байланыштуу. Өлөөрдүн алдында Ева Браунга: “Сөөгүмдү орустарга бербегиле, андан Москвага эстелик тургузушат” деп айткан.

Барбарос Хайреддин Паша

Түрк деңизчилигинин эң маанилүү ысымдарынын бири болгон Барбарос Хайреддин Пашанын дагы акыркы сөзү дал ушул деңиз тууралуу. “Мен өлгөндө сөөгүмдү деңиздин үнү угулган жерге көмгүлө” деген деңизчинин мазары Бешикташ аянтында деңизге жакын бир жерге коюлган.

Фатих Султан Мехмет

Улуу түрк султаны Фатих Султан Мехметтин: “Дарыгерлер, мага кантип кыйдыңар?” суроосу, анын акыркы сөзү болду. Тарыхтагы олуттуу табышмактардын бири катары билинген Фатих султандын ууланган өлүмү азыркыга чейин талаш жаратып, чындык белгисиз бойдон калган.

Юлий Цезарь

Римдин легендарлуу императору Цезарь акыркы сөзүндө: “Сен дагы брутсуңбу?” деп айтып, баласынын өзүнө карата курулган жашыруун иштин ичинде экенине таң калган. Бирок сүйлөм муну менен бүтпөй: “Андай болсо, жыгыл Цезарь” деп бычак чабуулунан улам каза болгон.

Мэрилин Монро

“Патка жакшы кал де (Patricia Kennedy Lawford), Жэкке жакшы кал де (John F. Kennedy), анткени сүйкүмдүү жансың” сөздөрү тарыхтын эң сексуалдуу айымы аталган Мэрилин Монрого таандык. Акыркы сөзүн айткан соң, каза болгон.

Султан Сулейман

46 жыл бою дүйнөлүк саясатка ээлик кылган Султан Сулейман өрнөктүү сөзү менен дүйнөдөн кайткан. “Мен өлгөндө бир колумду табыттын сыртына чыгаргыла. Адамдар падыша Султан Сулеймандын бул дүйнөдөн эч нерсе албай, колу бош кеткенин көрүшсүн”. Ушундай падыша дагы жанына эч нерсе ала албайт дегенди белгилеп, дүнүйө деген болбогон нерсе экенин көрсөтүп кеткен.

Карл Маркс

“Акыркы сөздөр туура сөз айта албаган аңкоолор үчүн болот” деген Маркс, элден айырмаланган сапатын өлүм алдында дагы көрсөткөн.

Леонардо до Винчи

Тарыхтын эң баалуу ойлоп табуучуларынын бири болгон Леонардо до Винчи ушунча табылгадан кийин дагы: “Эмгектеримди болушу керек болгон сапатта аткара албагандыгым үчүн кудайды жана адамзатты таарынтып алдым” деп өлүмгө узаган.

Мустафа Кемаль Ататүрк

Улуу кол башчы Мустафа Кемаль Ататүрктүн акыркы сөзү: “Алейкум селам” болгон. Андан соң көзүн жуумп, терең жана акыркы комага кирген.

Ханбийке Диана

Англиянын королдук үйбүлөсүндөгү эң белгилүү ысымдарынын бири болгон ханбийке Диана, туш болгон кырсыктан кийинки оор абалында: “Кудай. Эмне болду?” деп айтып, жашоо менен кош айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости