www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш.

Депутаттар тарабынан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жаатында элет тургундарынын нааразычылыгы көп экени, ошондуктан өлкөнүн башка аймактарына да көӊүл буруу, курулуштардын сапатына көзөмөлдү күчөтүү, эл аралык каржы донорлорунан алынган каражатты сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу боюнча ой-пикирлер айтылды.

Өкмөт өкүлү айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча башка долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын алкагына калган аймактар да камтыла турганын билдирди. Андан тышкары, таза суу менен камсыз кылуу курулуштарын курчу фирмалар тендер аркылуу тандалып алынып, суунун тарифи жергиликтүү кеӊештер тарабынан коюлары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген. Өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен ушул багытта аракет жасайт.

Ушу тапта Кыргызстанда таза суу менен камсыз кылуу курулуштары менен алектенген 1300 жеке подряддык фирма бар. Ошондой эле, айрым аймактарда, айрыкча райондордун борборлорунда муниципалдык фирмалар да түзүлүүдө. Ошондой эле, чет өлкөлүк компаниялар да тендерлерге чектөөсүз катыша алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости