www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Жеринде кырдаалды жөнгө салыш үчүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, Ош шаардык куткаруу кызматынан 15 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, тазалап беришти.

Булак: "azattyk.org"

Последние новости