www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ош облусундагы жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы эки тараптуу финансалык макулдашуу долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев курамы 5 кошундудан турган эки тараптуу келишим Ош облусун өнүктүрүүгө багытталганын, анын калкагында аймактык өнүгүүгө 5,5 млн доллар, айыл чарбасына 25,5 млн доллар, Ош шаарынын инфратүзүмүнө 22 млн доллар, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 млн доллар, долбоордун өзүнө 4 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди.

Депутат Рада Туманбаева бул долбоор үстүртөн эле даярдалып калганын, 5 компоненттин ичиндеги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселеси туура коюлганын белгилеп, өкмөт өкүлдөрүн насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости