www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ири өлчөмдө пара талап кылган салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы жана инспектору кармалды.

Алар жеке компаниялардын биринин бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оңунан чечип бериш үчүн 25 миң доллар талап кылып, быйыл февраль айында алгачкы 5 миң долларын алышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости