www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу грек философу Сократтын айткандары.

Сократтан окуучуларынын бири:
– Айтыңызчы, сиздин кабак чытып, каш
бүркөнүңүздү көрө албадым. Ар дайым куунак болот окшойсуз? – дегенде
Сократ: – Анткени жоготкондо күйүнө, тапканда сүйүнө турган эч нерсем жок, - деп жооп кайтарыптыр.

Ак жеринен өлгөн жакшы

Бир аял Сократты өлүм жазасына тартып алып бара жатканын көрөт да, көз жашын көлдөтүп туруп:
– Оо, дүйнөң менен куруп кет, алар сени эч бир күнөөсүз жерден өлтүрүшкөнү жатышпайбы, -дегенде Сократ:
– Оо, чоркок акыл, өлүмгө ак жеринен кетпей, күнөө кылып кетишимди каалайт турбайсыңбы, - деп жооп бериптир.

Кайсынысы жакшы?

Чөптүн тамырын жеп жаткан Сократты көрүп бир киши:
– Биздин бекке кызмат кылсаң чөптүн тамырын жегенге чейин барбайт элең, - дегенде ал:
– Чөптүн тамырын жеп көрсөң, бекке малай болууга чейин барбайт элең, - деп жооп бериптир.

Кайсы учур ыңгайлуу

– Тамактануу үчүн кайсы учур ыңгайлуу? - деп Сократтан сураганда ал:
– Колунда барлар үчүн курсагы ачканда, колунда жоктор үчүн тамак табылган учурда тамактануу ыңгайлуу, - деген экен.

Кимдин шору

Сократ күндөрдүн биринде бир бай менен сапарга чыгып, бир оокумда каракчылардын кошууну турган жайга келип калышканын билишет.
Бай:– Таанып калышып менин шорумду кайнатат го? – дейт. Анда Сократ:
– Мени таанышпаса шорум кайнайт го, - дептир.

Бооруң ачыр эле

Бирөө Сократка:
– Сенин кедейлигиңди көрүп туруп жаман боорум ооруйт, - десе ал:
– Эчтеке эмес, - деп жооп берет, – эгерде сен турмуштун кедейлер көргөн жыргалын көрсөң, мени коюп, өзүңдү аяп бооруң ачыр эле.

Ал эмнеге капа

Сократка дагы бирөө кезигип алып аны:
– Кишилер сенин сөзүңө түшүнүшпөйт, - деп
айыптаса ал:
– Анысы мени анча деле кейитпейт. Эгерде сен мени “кекеч экенсиң” деп айтсаң, балким, капа болор элем, - деп жооп бериптир.

Сократ менен аял

Сократ өтүп бара жатып бутакта асылып турган бир аялды көрүп:
– Атаганат, дарактын баары ушундай мөмө байласа кандай сонун болор эле, - деп басып кетиптир.

Бул сөздөрдү Сократ айткан:
– “Эң улуу жеңиш – адам өзүндөгү жаман ойлорду жеңгени”.
– “Мен бир гана эч нерсе билбей турганымды билем”.
– “Ким кааласа жолун табат, каалабаган шылтоо табат”.
– “Ким ааламды өзгөртүүнү кааласа, алгач өзүн өзгөртсүн”.
– “Ар бир адамда күн бар. Болгону анын жаркырашына мүмкүнчүлүк бергиле”.
– “Жеш үчүн жашабай, жашаш үчүн жешибиз керек”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости