www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиялар жергиликтүү шайлоолорго таасир эте алышабы?

Бүгүн-эртең жергиликтүү шайлоолорго үгүт иштери башталат. Кыргызстанда мыйзамдуу катталган 250 дөй партиянын бардыгы эле аттанышпаса керек. Бирок, алардын ичинде өз аймактары үчүн күрөшкөн партиялар сөз жок болот. Ошону менен жалпы мамлекеттик масштабда, бардык ушул маалда боло турган жергиликтүү кеңештерге катыша турган партиялар да бар. Алардын көпчүлүгүн азыркы парламентте орун алышкан партиялар ээлейт. Бул партиялардын ичинде СДПКнын эл алдында баркы кетип, ал парламентке алып келген фракциясынын депутаттары туш-тарапка жөргөлөп качып жаткан учур. Ушундай шартта да бул партия экиге бөлүнүп чыгышы күтүлөт. Бирок, канча таасир көрсөтөт, аны шайлоочулар чечер.

Дагы бир учурунда күчтүү таасирге жеткен “Республика-Ата-Журт” фракциясы бар. Бул фракция күчтүү таасирин жоготпойт. Лекин, Атамбаевдин убагындагыдай алдыңкы орундарга жетиши кыйын. Анткени, бул фракция 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясы бирге аттанышкан. Эки партия жетекчилери тең төрага катары киришип Өмүрбек Бабанов алдыңкы тизмеде, ал эми Камчыбек Ташиев кырктан кийинки тизмелер менен кирген. Ал шайлоодо ал эмес бийликтин партиясы СДПК 38 гана орун алган. Демек, Камчыбек Ташиев бул кошулган партия алдыда келсе, балким өкмөт башчысын мээлегендир. “РАЖ” фракциясы 28 орун менен экинчи орунда келди. Камчыбек Ташиев сыртта калып, анын эсесин президенттик шайлоодо чыгарды. 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоолорго “Ата-Журт” өз алдынча чыккан, боло турган шайлоолорго “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясы кайрадан биргелешип аттанабы, азырынча катуу үн чыга элек.

СДПКнын кадыр-баркы төмөндөгөн соң, башка партиялардын СДПК ээлеп келген ордуна ашыгышы табыгый көрүнүш. Бул орунга азыркы парламенттеги “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен” партиялары көз артышары бышык. Андан тышкары азырынча парламентте жок: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Ак шумкар” партиялары да тагдырларын сынашы мүмкүн. Азыр боло турган Ош,Токмок шаарлары баштаган жергиликтүү кеңештерге шайлоо күзүндө боло турган парламенттик шайлоого репетиция болор. Ушул сыноодо деле партиялардын таасирдүүлүгү билинип калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости