www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын 9-апрелде жарыяланган коронавирус пандемиясына арналган атайын баяндамасында Казакстан экономикасынын өсүүсү басаңдай тургандыгы болжолдонду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Дүйнөлүк банк мунун башкы себеби катары тышкы базарда мунай менен өндүрүштүк товарларга болгон суроо-талаптын төмөндөшүн жана COVID-19га каршы көрүлүп жаткан чаралардан улам инвестициянын азайып жатышын атады.

«Казакстандын ички дүң өнүмүнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзгөн Нур-Султан жана Алматы шаарларынын узак убакыт карантинде болушу өлкөнүн экономикалык ишмердүүлүгүн алсыратат. Коронавирус аймактарга тарап, тышкы экономикалык чөйрө начарласа, өлкөнүн ички дүң өнүмү 2020-жылы дээрлик үч пайызга кыскарышы мүмкүн. Өз кезегинде бул жакырчылык деңгээлинин жогорулашына алып келет», — деп жазылган баяндамада.

Ошондой эле казак өкмөтүндө бюджетти тышкы карыздын же Улуттук фонддун эсебинен толтурууга «фискалдык мүмкүнчүлүк» бар экени белгиленген.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Мындан тышкары бир нече шаар белгисиз мөөнөткө карантинге жабылган. Акыркы апталарда улуттук валюта долларга карата 18% арзандады. Бийлик буга чейин экономикалык кесепеттерди азайтуу үчүн Улуттук фонддун каражатын пайдаланууга жана сырттан үч миллиард доллар карыз алууга ниеттенип жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости