www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде белгилегендей, буга чейин кабыл алынган Өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт. 

Ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Бүгүнкү күнү Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес, донордук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте масштабдуу иштерди аткарууда. 

«Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Муну менен бирге Премьер-министр баса белгилегендей, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнести кошумча колдоо жана экономиканы узак мөөнөттүү жана арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо зарыл. 

«Биз мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу кыскартууларга барышыбыз керек. Биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу жана бизнести колдоо», - деп баса көрсөттү Өкмөт башчы. 

Кыргыз Республикасынын Президенти бюджет жана бизнести, айрыкча чакан жана орто ишкерликти өбөлгөлөөгө финансылык жардам тартуу үчүн эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү Өкмөт ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн, финансы системасын жакшыртуунун жана чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатат. Каралып жаткан бардык демилгелер азыркы кырдаалдын экономиканын секторлорунун өнүгүүсүнө тийгизген таасирин талдоого, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн сунуштарына негизделген. 

Өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалууда. Бүгүнкү күнү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын пакетин иштеп чыгуудабыз.

«Бизнес тараптан сунушталган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбашы керек. Экономиканы колдоо боюнча чаралардын планына киргизилген бардык сунуштарды тыкыр талдап чыгуу кажет. Бүгүн ата мекендик экономиканы кайра ишке киргизүү жана бизнести колдоо өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт жана мамлекеттик органдар жарандар менен ишкерлер үчүн ачык иштөөгө тийиш. Бул биздин жалпы милдетибиз. Биз жарандардын жана ишкерлердин проблемаларын талкуулоодо бекинип албай, ар бир маселени жекече тартипте, ыкчам чечим берүүгө жетишибиз керек. Бул айрыкча фискалдык органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр сунушталган чаралардын натыйжалуулугуна жана экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келүү сапатына, алардын бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарууга тийгизген таасирине талдоолорду жүргүзүп чыгууну тапшырды. 

Баарынан мурда учурда ыкчам иштөө маанилүү. Абдан жакынкы аралыкта бардык сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости