www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борис Жонсон реанимациядан чыкты

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондондогу «Ыйык Фома» ооруканасынын интенсивдүү терапиясынан кадимки палатага которулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жонсон «айыгуунун алгачкы баскычында экендигин» жана дарыгерлер анын саламаттыгына көзөмөлдү улантып жатышканын айтып чыккан.

Белгилей кетсек, Британ өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал ооруканага жаткырылып, эртеси интенсивдүү терапия палатасына которулган. Шаршемби күнү анын абалы турукташа баштаганы кабарланган.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри кызматтарында иштеген.

Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Британияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 65 миңден ашты. Анын сегиз миңге жакыны каза болуп, 135и айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости