www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Анда айтылгандай, бул маселе Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдон сырткары бир нече өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышат деп күтүлүүдө. Алар: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Орус федерациясынын Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра эмиратынын мураскер ханзадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркилер.

Оюндар 8-сентябрга чейин уланат.

2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан оюнду Түркияга өткөрүп бере турганы айтылган. Ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул өлкөнүн дарегине карата бир катар сөздөрдү айткандан кийин, кайра бул өлкө оюнду өткөрүүдөн баш тартып койгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости