www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы №40 бала бакчада тарбияланып жаткан 3 жашар бала түштө уктаган бойдон ойгонбой калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 28-августта болуп, баланын ата-энеси азырынча арыз менен тиешелүү органдарга кайрыла элек.

Жетекчиси Максаткан Маметованын айтымында, бул мекеме Ош шаардык мэриясы жана билим берүү башкармалыгы тарабынан каржыланып, балдар акысыз тарбияланат.

«Биздин бала бакчага балдар дарыгердин көзөмөлү менен келишет. Бала бакчада дагы өзүбүздүн дарыгерибиз бар. Каза болгон бала ушул жылдын февраль айынан тартып бизге келген. Дарыгерлердин уруксаты менен кабыл алынган болчу. Бирок апасы балада эпилепсия (өнөкөт нерв оору, талма оорусу баланы катуу калтыратып, акыл-эсти жоготуу менен коштолот) бар экенин айткан эмес. Биз аны бала каза болгондо гана билдик. Апасы бизден кечирим сурап, «эч кандай доом жок» деп түшүнүк кат жазып берди.

Апасы баламды бала бакчага албай койбосун деп оорусун айткан эмес экен. Кошуналары да баласы ооруп, тез жардам чакырып турганын айтып беришти», - деди жетекчи.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Тынчтык Бекташов: «Бул боюнча учурда Ош шаардык ички иштер башкармылыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат. Каза болгон баланын оорусу бар экен», - деди ал.

Булак: "Турмуш"

Последние новости