www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк лидерлер менен бизнесмендер АКШ президенти Дональд Трамптын глобалдуу жылуулукка каршы туруу жөнүндө Париж келишиминен Американы чыгарган чечимин сынга алышты.

Трамптын келишимден баш тартканы “Чоң жетилик” саммитинде көңүл калууну жаратты. Германиянын канцлери Ангела Меркель сүйлөшүүлөрдү “канааттандырарлык эмес дебесем да, аябай оор болду” деп мүнөздөдү. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй АКШнын климат боюнча келишимден чыгуу чечими иренжиткенин билдирди.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Акүйдүн жаңы администрациясынын бул кадамын “келечекти четке кагуу” деп баалады. Бирок Трамп бул чечим америкалык экономикага пайда алып келерин баса белгилөөдө. Париж келишими көмүр кычкыл газын абага чыгарууну азайтууну милдеттендирет.

Келишимди аткаруу өткөн ишембиде Италияда “Чоң жетиликтин” саммитинде талкууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости