www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Африкадан Европага барууну каалаган, ичинде балдар менен аялдар да болгон жалпы кырк төрт качкын Сахара чөлүндө суусуздуктан каза болду.
Нигер жергиликтүү басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда өлкөнүн түштүгүндө качкындарды ташыган жүк ташуучу машинанын бузулушу менен кырк төрт киши суусуздуктан каза болду.
Нигердин Билма аймагындагы Кызыл Крест жардам мекемесинин жетекчиси Лавал Тахер Батыш Африкадан Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн жолго чыккан качкындардан алтоосунун гана тирүү калгандыгын айтты. Тахер тирүү калгандардын жакындардагы бир айылга алып барылып дарылоого алынгандыгын билдирди.
Лавал Тахер каза болгондордун арасында үч бөбөк менен үч баланын бар экендигин айтты. Каза болгондордун Гана жана Нигер жараны экендигин билдирилди. Африкалык качкындар Европага баруу үчүн Сахара чөлүн ашып өтүүгө мажбур.
Алжирдин чөл аймагында өткөн жылы июнь айында араларында жыйырма бала болгон отуз төрт кишинин сөөгү табылган болчу.
Булак: "trt.net.tr"