www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында «Касапчы» операциясы жүрүп жатат. Аталган операциясынын алкагында мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга, мал уурулук менен алектенишкен кылмыш топторун аныктоо жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар турмушка ашырылууда. Малды сатуу, анын этин иштетүү жана реализациялоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн бардык объектер текшерүүдөн өткөрүүлүдө.
Аталган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бир күндүн ичинде 5 факты мал уурулуктун бетин ачууга үлгүрүштү. Уурдатып жиберишкен мал ээлерине 2 баш торпоктору жана 7 баш койлору кайтарылып берилди.

Түп РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенишкен 3 адамдан турган кылмыш тобун колго түшүрүштү. Кылмыш тобунун башында мурда тоноочулук үчүн соттолгон Түп айылынын 23 жаштагы тургуну А. Рыскелди, өзүнүн эки шакирти менен 14-майга караган түнү, өзүнүн эле айылдашынан 4 баш кочкорун, 1 баш музоосун жана 4 кап арпасын уурдап кетишкендиги аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган кылмыш тобунун башка мал уурлук фактыларына катыштыгын текшерүү максатында тергөө – ыкчам иштери жүргүзүлүп жатат.

Ысык-Көл ОИИБнын жана Ак-Суу РИИБнүн КИБнүн кызматкерлеринин биргелишкен ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бир катар мал уурулук кылгандыгына шектелип, мурда дагы ушундай кылмыш үчүн соттолуп келген Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 25-жаштагы тургуну К. Талант кармалды. Өзүнүн берген көрсөтмөсүндө, март айында Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын тургундарынан 2 баш торпокторун уурдап кеткен.
Аталган фактылар боюнча КР КЖКнын 165 -беренси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат деп билдирет Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости