www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмма Нургазиева күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын спортчусу Эмма Нургазиева Бишкекте өтүп жаткан жаштар арасындагы теннис боюнча эл аралык турнирде күмүш медалды багындырды. Эмма Нургазиева кошмо мелдеште Өзбекстандык Милана Масленкова менен биргеликте чыгып, финалга чейин жетишкен. Финалда Нургазиева менен Масленкова орусиялык кош-оюнчу Бондаренко-Петровскаяга утулуп калышып, күмүш медалга татышты.

Жалгыз чыкканда Нургазиева үч жолу Орусиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда Милана Масленковадан күчтүүлүк кылып (2:1), финалга жолдомо алган эле. Алтын үчүн болгон таймашта Нургазиева Орусиядан келген Мария Бондаренкого каршы чыкмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости