www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2-июнда Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Джордж Соростун уулу  Алекс Соросту кабыл алды.

Маектешүү учурунда өзү да демөөрчү жана фонддордун жетекчиси болуп эсептелген Алекс Сорос Мамлекет башчысына өзүнүн Кыргызстанга сапарынын алкагында Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземине да катыша турганын айтты.

Жолугушууда Алекс Сорос ошондой эле Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан «Таза коом» долбоорун белгилеп, ал өлкөгө чоң пайда алып келет деген пикирин айтты.

Булак: "president.kg"

Последние новости