www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын спорт боюнча экс-министри жана Хоккей Атагы Залынын белгилүү мүчөсү Кен Драйден Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин башкы имаратында лекция окуду. Аны Нарындын жетекчилиги, студенттер жана мугалимдер, ошондой эле шаардын коомчулугу укту. Драйден өз лекциясында Канада менен Кыргызстандын окшоштугун баса белгилеп, “топографиянын, климаттын жана калк жыштыгынын окшоштук чегинен чыгып кетти”,- деди. Ал эки өлкөнү бириктирген жип Улуу Жибек жолу боюнча өткөн соода буюм-тайымдары менен адамдар кыймылынын натыйжасында түзүлгөнүн белгиледи.

Соода-сатык менен катар бул өз ара кыймыл-аракеттер билим менен инновациялардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, ошондой эле кеңири географиялык мейкиндикте кыйла прогресс жасалганын айтып өттү. Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов “мындай улуу инсан менен таанышуу жана пикир алышуу биздин жаштардын идеясын арттырып, өз өлкөсүнө позитивдүү салым кошууга эргүү берет” деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости