www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беткап COVID-19дан сактоого кепилдик болуп бере албайт жана ден соолугу чың кишиге анын кереги жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Тарик Язаревичке таянып жазып чыгышкан.
Анын айтымында ДСУнун сунуштары өзгөргөн жок жана үйдө жасалган жана кооз, дизайнердик беткаптардын массалык түрдө таркатылышына негиз жок.
"Ден соолугу соо адамга беткап тагынуунун зарылчылыгы жок. Оорунун белгилери байкалган кишилер башкаларга жугузбоо максатында беткап тагынуусу кажет. Мындан сырткары бейтаптарга кам көргөндөр, мисалы, үйдө алар менен чогуу жашагандар беткап кийиши зарыл, анткени оору жугуп калышы мүмкүн”,-дейт Тарик Язаревич.
Анын айтымында, беткап илдеттен коргоонун кепилдиги болуп бере албайт жана ал дайыма башка коргоочу каражаттар менен бирге колдонулушу зарыл. Мындан сырткары, адамдарда оорудан коргонуп жатам деген жалган сезимдер болуп калышы ыктымал,-дейт Язаревич.
“Беткап кийгендер ага ишенип, колун жуубай да коюшу ыктымал. Беткапты туура кийүүнү билбесеңиз, адаттагыдан да көп ирет бетиңизди кармалайсыз”,-деген ал.
ДСУнун өкүлүнүн айтымына караганда эң алгач дүйнө жүзү боюнча медициналык кызматкерлерди коргоочу каражаттар менен камсыздоо зарыл.
Эске сала кетсек, Бишкек комендатурасы беткап тагынбагандарга жана тартипке баш ийбегендерге жаңы айыппул сала тургандыгын маалымдады.
Булак: NazarNews.kg