www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

"Ооруканадан чыгарылгандар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЦР анализи коронавирустун жок экенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-апрель саат 10:00гө карата коронавирустан 144 жаран жабыркап жатканы айтылган. Учурда 9 бейтап айыгып, стационарлардан чыгарылды. Бир жаран каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости