www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 5 жумада коронавирус боюнча жаңы учурлар бардык өлкөлөрдү, аймактарды жана райондорду камтып,  жайылганына күбө болдук. Жакынкы арада ооруга чалдыккандардын саны көбөйөт. Бул тууралуу кечээ, 1-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Женевадагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал адам өлүмүнүн саны акыркы жумада эки эсеге өскөнүн белгиледи.

«Жакынкы бир нече күндө тастыкталган учурлар 1 миллионго жана каза болгондордун саны 50 миңге жетет. Африка, Борбордук жана Түштүк Америкада коронавирус азыраак катталса да, биз COVID-19 бул аймактар үчүн олуттуу социалдык, экономикалык жана саясий кесепеттерге алып келээрин түшүнөбүз», - деди Гебрейесус.

Анын айтымында, көптөгөн өлкөлөр вирустун жайылуусун токтотуу үчүн адамдарды үйдө болууга чакырып жатат. Бирок бул калктын абдан жакыр жана аярлуу катмарына күтүлбөгөн кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Ал бардык өлкөлөрдүн өкмөтүн калктын аярлуу катмарын азык-түлүк жана башка зарыл болгон нерселер менен камсыздоого чакырды.

Ошондой эле Гебрейесус коронавирусту айыктыруучу эффективдүү дары табуу үчүн изилдөөлөр жүрүп жатканын айтып, сыноолорго 74 өлкө кошулганын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму медициналык беткаптарды бейтаптар жана аларга кам көргөн адамдар өзгөчө колдонушу керектигин айтты. Гебрейесус мындай шарттарда беткап менен башка коргонуучу каражаттар чогуу колдонулганда гана натыйжалуу боло тургандыгын айтты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости