www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕБ өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын билдирди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына залакасын азайтуу боюнча кыргыз тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков европалык тарапка коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасына кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. 

Европа Кеңешинин төрагасы кыргыз тарапка бул илдет менен күрөшүүсүнө колдоосун билдирип, ЕК өлкөгө финансылык жардам көрсөтүүнүн оптималдуу жолдорун карап чыгарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости